Камчыбек Ташиев матчество боюнча каршы пикирин айтты
RU

Камчыбек Ташиев матчество боюнча каршы пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев матчество боюнча жарандык позициясын билдирди. Ал пикирин Facebook баракчасына жазды.

"Эч кандай матчество жок. Ким кабыл алса, ошол жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык пикирим!", - деп жазат.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул коомдо чуулу талкууну жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13305