Москвадагы мигранттар чек ара боюнча Ташиевдин иш аракетин сынга алышты
RU

Москвадагы мигранттар чек ара боюнча Ташиевдин иш аракетин сынга алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында жүздөгөн мигранттар чогулуп, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин чек ара маселеси боюнча чечимин сынга алышты.

Кечээ, 18-апрелде мигранттардын жыйыны өтүп, ага негизинен чек арага жакын айылдардан келген жарандар катышышты. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин жана Баткен облусундагы айрым жер тилкелердин Өзбекстанга өтүшүнө каршы экендигин билдиришти.

Жалпысынын жер алмашуу Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албай туруп жүргүзүлгөн, деген ой жыйын учурунда айтылды.

Алардын пикири боюнча, бийлик бул маселени парламентте тиешелүү талкуу жүргүзбөй коомдук талкууга салбай туруп өзүм билемдик менен чечип алган. Көпчүлүк сын пикир УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге карата болду.

Жолугушуунун катышуучусу, активист Орозоайым Нарматова (мурун ал Садыр Жапаровдун тарапташы болчу, бирок акыркы жылдары анын иш аракетин сындап жүрөт, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка аттанган)Ташиевдин отставкасын талап кылды. Аны жыйындын башка катышуучулары да колдошту.

Эске салсак, Өзбекстан менен макулдашууга ылайык, Кыргызстанга төмөнкү аймактар берилген:

  • Көк-Серек - 105 га;
  • Ала-Бука районундагы Баястан - 212га;
  • Кара-Суу районунда Ак-Таш - 100 га;
  • Кара Белес - 25 га;
  • Наманган жана Жалал-Абад райондорунун ортосундагы Гавасай - 8 миң га;
  • Унгар-Тоо тоосундагы жер - 35 га.

Бул жер тилкелерди өткөрүп берген Өзбекстан Кемпир-Абада суу сактагычы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды. Шарихансай каналы жайгашкан 50 га жер тилкеси да коңшу өлкөгө өттү. Анын ордуна Кыргызстан Өзгөн районунан 50 га алды.

Бирок, чек арага чектеш райондордун бардык эле тургундары бул макулдашууга макул эмес. Маселен, Савай айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аймактын коңшу өлкөгө өтүүсүнө каршы митингине чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1331