Эртеңден баштап абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт
RU

Эртеңден баштап абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 12-14-июль күндөрү аномалдуу ысык болот. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртеңден баштап абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 36…41° градуска чейин, Талас облусунда 34…39° градуска чейин жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайында организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн тийген жерлерде узакка жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн жакшылап сугаруу сунуш кылынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: globallookpress.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13332