Ысыкта организм стресске кабылат. Жайында туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши
RU

Ысыкта организм стресске кабылат. Жайында туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайында ысык аба ырайынан улам адамдын организми стресске кабылат: тер бездери аркылуу маанилүү микроэлементтер активдүү жоготууга учурап, жүрөк-кан тамыр системасына жана бөйрөккө күч келет. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жайында туура тамактануунун жолдорун айтып беришти.

Организмдеги суюктукту өз убагында толуктап туруу

  • Күнүнө 2-2,5 литр ичүү сунушталат. Жалбыз же бал кошулган жылуу чай да болот.
  • Эң жакшы тандоо - суу. Эртең менен ач карын бир стакан суу менен ичүү керек.
  • Газдалган суусундуктардан баш тартуу зарыл, алар абдан зыяндуу жана чаңкоону кандырбайт. Спирт ичимдиктерин ичүү сунушталбайт.

Жай мезгилиндеги туура тамактанууда жаңы бышкан жашылча-жемиштер болушу керек

  • Алар организмдин витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга болгон муктаждыгын толуктайт.
  • Жайкы тамактануу үчүн салат идеалдуу болуп саналат, аны жакшырак сиңирүү үчүн өсүмдүк майы же майлуулугу аз каймак менен аралаштыруу керек. Жашылчаларды жана ар кандай жашыл чөптөрдү кошуу оң.

Рационго күн сайын сүт азыктарын кошуу маанилүү

  • Мисалы, йогурт, айран, быштак, айран.
  • Жайында тузду колдонууну чектөө керек.
  • Интенсивдүү ысыктан физикалык активдүүлүк азаят, демек, энергиянын чыгымы азаят. Ошондуктан майлуу тамактарды азайтуу керек. Калориялуу тамак эртең менен, ал эми кечки тамак аз калориялуу болушу керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: https://bigpicture.ru/.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12963