Жамбашын көрсөткөн кыз жоругу үчүн кечирим сурады
RU

Жамбашын көрсөткөн кыз жоругу үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаанын терезесинен жамбашын көрсөткөн кыз табылганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Ал кечирим сурап, эмнеге мындай жорук жасаганын түшүндүрдү.

"Урматтуу кыргызстандыктар, кечээги окуя үчүн кечирим сурайм. Биз мелдеше кетип, мен жеңилип калдым. Мен жасаган акмакчылыкты кайталабагыла. Мага милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, мен баарын түшүндүм", - деди ал.

Белгилесек, интернетке унаанын терезесинен жамбашын көрсөткөн кыздын видеосу тарап, коомдун кыжырын кайнатты.

Айдоочуга 15 миң сом айып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13338