Унаанын терезесинен жамбашын көргөзгөн кыздын видеосу тарады
RU

Унаанын терезесинен жамбашын көргөзгөн кыздын видеосу тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаанын терезесинен жамбашын көрсөткөн кыздын видеосу интернетке тарап, коомдун кыжырын кайнатты. Анда жүрүп бараткан унаанын алдыңкы орундугундагы кыз мүчөсүн башкаларга көрсөткөнүн байкоого болот.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришкендей, учурда айдоочунун жана кыздын аты-жөнү такталды. Жакынкы аралыкта алар тергөө кызматына жеткирилери күтүлүүдө.

Кайгуул кызмат башкармалыгынан кошумчалашкандай, автобейбаштык үчүн айдоочуга айып пул салынат, ал эми жамбашын көрсөткөн кыз 5 суткага камалашы мүмкүн, анын аракеттерине тергөөчү баа берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13324