Сокулукта таксистке 14 жолу бычак сайганга шектүү кармалды
RU

Сокулукта таксистке 14 жолу бычак сайганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта таксистти 14 жолу бычактаганга шектүү кармалды. Чүй обулстук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына маалымдашкандай, учурда шектүү суракта.

"12-июлда шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Ал жашы жете элек бала экен. Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу калган маалыматтар азырынча айтылбайт", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, 11-июлга караган түнү жүргүнчү таксистке бычак менен кол салып, 14 жаракат келтирген. Айдоочу алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13388