Сокулукта жүргүнчү таксистке бычак менен кол салып, бир нече жаракат келтирди
RU

Сокулукта жүргүнчү таксистке бычак менен кол салып, бир нече жаракат келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 11-июлга караган түнү жүргүнчү таксистке бычак менен кол салып, 14 жаракат келтирди. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Белгиленгендей, 10-июлда кечинде Сокулук районунун Новопавловка айылында белгисиз адам "Яндекс.Такси" кызматынын айдоочусуна 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Такталгандай, айдоочу буюртманы кабыл алып, кардарды Бишкектин Тунгуч кичи районунан Новопавловка айылына жеткирип барган. Белгиленген жерге жеткенде жүргүнчү жол кирени электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Андан кийин күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган.

Айдоочу унаадан чыгууга үлгүргөн. Кол салган адам унаанын ачкычын тартып алууга аракет кылып, айдоочу каршылык көрсөткөн. Таксист бычактан 14 жаракат алып, ал окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кол салган адам унааны айдап кача албай калган.

Учурда кылмышка шектүүнүн ким экени такталды, жакынкы аралыкта тергөө кызматына жеткирилери күтүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: travelask.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13348