"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин дале ала элек. Салык кызматынан түшүндүрмө
RU

"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин дале ала элек. Салык кызматынан түшүндүрмө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 1-утушундагы жеңүүчүлөр байгелерин ала элек. Мамлекеттик Салык кызматы мунун себебин түшүндүрдү.

Маалымдалгандай, учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн 1-утушунун жеңүүчүлөрүн оюндун шарттарына жана талаптарына шайкештигин текшерүүдө.

Текшерүү бүткөндөн кийин cалык кызматкерлери жеңүүчүлөрдү чакырып, байгелерди алууга негиз болгон сертификаттарды тапшырышат. Урматтуу жеңүүчүлөр, тынчсызданууга негиз жок. Эгерде сиз лотерея эрежелерин бузбасаңыз утушуңузду сөзсүз аласыз.

Мамлекеттик Салык кызматынан телефон чалып, куттуктап, байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан этият болууга чакырып, байгелер акысыз жана салыксыз берилерин кошумчалашты.

Белгилесек, оюндун экинчи тиражы ушул жылдын 30-декабрында болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13391