Кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды
RU

Кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун дагы эки мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 14-июлда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алардын бири "Узун Улан" каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы - С.А.С. жана уюштуруучу Т.К.Б. кармалды.

Бул адамдар финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 млн сом зыян келтирилген.

Жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен "Ак-Тилек" жана "Чалдавар" автожол бекеттери аркылуу товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо жана ташуу менен алектенишкен.

Учурда тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13437