"Бул буюртма". Улукбек Карыбек уулу кармалышы боюнча үн катты
RU

"Бул буюртма". Улукбек Карыбек уулу кармалышы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Улукбек Карыбек уулуна бейбаштык беренеси менен иш козголуп, ал 48 саатка камакка алынды.

Көп өтпөй эле соцтармакка блогердин видео кайрылуусу жарыяланды.

"Кылмыш иши ачылып жатат. Бул Оштогу төрөт үйүндөгү мыйзам бузууларды ачыктаганга байланыштуу. Жагдайга мекеменин башында турган министрдин тиешеси бар деген күмөнүм бар. Бул жөн гана буюртма, биз эч кандай мыйзым бузган жокпуз. Болгону карапайым элдин укугун так, даана коргогонго аракет кылдык. Бул медициналык мекемелердин мага карата чабуулу деген ойдомун. Биз адилеттүлүк үчүн күрөшүбүздү токтотуп калбайбыз. Сот органдары адилеттүү чечим чыгарат деген үмүттөбүз. Мындан тышкары Билим берүү министрлигинин тиешеси бар деп ойлойм. Себеби ал жаатта да видео тартканбыз, бирок материал чыга элек болчу", - деди ал.

Белгилесек, Улукбек Карыбек уулу 14-июлда кармалган. Блогердин үстүнөн Ош облустар аралык төрөт үйүнүн дарыгерлеринен арыз түшкөндүктөн ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13438