Улукбек Карыбек уулу 2 суткага камалды. Милиция ага козголгон кылмыш тууралуу айтты
RU

Улукбек Карыбек уулу 2 суткага камалды. Милиция ага козголгон кылмыш тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Улукбек Карыбек уулу 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБден Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 7-июлда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асановадан кабар түшкөн. Анда белгисиз журналист төрөт үйүндө уруксатысыз видео тартып, жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган билдирүү ошол эле күнү электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер Улукбек Карыбек уулу жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери имараттын ичине киргизбей койгондугун аныктап, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында блогер өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип барган. Дарыгерлер аларга санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Джумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийген. Талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүп, төрөт бөлүмүнүн экинчи кабатынын эшигин бузуп, төрөттөн кийин палатада жаткан Ж.Д.дан интервью алып, андан соң төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, 10дөй адамга суроо бергени аныкталган.

Натыйжада Ош облустук төрөт үйүнө 36996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Ошондой эле төрөт үйүнүн дарыгерлери Э.Д.Ж. жана А.Д.га келтирилген жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийинки 20 бейтап төрөт стационарынын башкы дарыгерине кайрылуу жасашып, блогер төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып кирип, уруксатсыз эле видеого тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен. Аталган материалдар боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулуна жогоруда айтылган материалдардын негизинде 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, алгачкы сурак иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүнө карап, кошумча маалымат берилет.

Буга чейин блогерге карата кылмыш иши Ош шаарында козголгонун, мындан улам аны Ошко алып кетишкени маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13433