Эртай Искаков убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Эртай Искаков убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күбө катары суракка жеткирилген активист Эртай Искаков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Чүй ОИИББден билдиришти.

Башкармалыктын билдирүүсүнө ылайык, Искаков Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектелүүдө. Андан тышкары дагы эки жергиликтүү жаран кармалды.

Маалым болгондой, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында Түштүк магистраль автоунаа өтүүчү жолду жоон топ адамдар тосуп алып, транспорттор өтө албай калган. Мындай биллирүү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Селекция айылынын 100дөн ашык тургундары таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алганы аныкталган.

Жолду тоскон жарандар менен Чүй ОИИББдин, Сокулук РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок топтолгон тургундар милиция кызматкерлерине таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15-июлга караган түнү саат 02:00дө ачылып, чогулган эл тараган.

Аталган окуя боюнча маалымат Сокулук РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундарынын WhatsApp группасына блогер Э.И. кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп "жолду жабуу" керектигин айткан жана ал өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн билдирип, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.

Муну менен Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 280-беренеде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып, 15-июль күнү иш козголду.

Кылмыш иши боюнча 279-беренеде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми 280-берене (Бейбаштык) боюнча 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. шектүү делинип, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13447