Милиция кызматкерлери Эртай Искаковду жолдон тосуп, суракка алып кетишти
RU

Милиция кызматкерлери Эртай Искаковду жолдон тосуп, суракка алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук РИИБдин тергөөчүлөрү блогер жана активист Эртай Искаков Ысык-Көлгө сапар алайын деп жатканда анын жолун тосушту.

Kaktus.media сайтына милициядагы өздүк булак билдиргендей, активист телефон аркылуу суракка чакырылган. Бирок Искаков бош эмесмин деген шылтоо айтып, баш тарткан. Суракка чакырууга активисттин 14-июлда кечинде Селекция айылында суунун жоктугунан улам митингге чыкканы себеп болгон. Милиция кызматкерлери Искаков элди жол тосууга чакырган деп болжолдошууда.

Активист өзү Instagram баракчасында Сокулук РИИБдин тергөөчүсү менен сүйлөшүү болгонун тастыктады. Айтымында, дүйшөмбүдө, 17-июлда суракка барууга макул болгон.

"Мен азыр эле Ысык-Көлгө жөнөйүн деп жаткам, ал жакта бир-эки иш бар болчу. Мен эки күндөн кийин кайтып келип, сурак бермекмин. Биз кетип баратканбыз, бирок милициялар жолду тосушту. Алардын жарымы күбөлүктөрүн көрсөтүштү, жарымы жок", - деди активист.

Жыйынтыгында Эртай Искаковду Сокулук РИИБине суракка алып кетишти.

Белгилей кетсек, Искаков Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкерлигин көрсөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13444