Ош шаардык сотунда блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасы каралып жатат
RU

Ош шаардык сотунда блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасы каралып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-июлда Ош шаардык сотунда блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасын каралып жатат. Жактоочу иш менен таанышууга үч саат убакыт сурады.

Эске салсак, 15-июлда Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Ал Бишкектен кармалып, Ош шаардык милициясына жеткирилген.

Ош шаардык милициясы бөлүшкөн маалыматта блогер төрөт үйүнүн кызматкерлерине баш бербей кирип, жаңы төрөгөн ондой келинден маек алган. Мындан улам, оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тартканы айтылат.

Ички иштер министрлиги 2023-жылдын 10-июлунда блогер Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузгандыгын айтты. Бул факты боюнча текшерүү иштери башталган.

Улукбек Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдиргенин айткан. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын маалымдады.

12-июлда "Ош облустук оңолбос төрөт үйү" деген материалын блогер ютуб каналына чыгарып, ооруканадагы жемкорчулук боюнча маселе көтөргөн эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13451