Садыр Жапаров жол куруу тармагындагы коррупция боюнча анекдот айтты. Видео
RU

Садыр Жапаров жол куруу тармагындагы коррупция боюнча анекдот айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 жаңы атайын техникка тапшырды. Өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, жол куруу тармагындагы маселе тууралуу анекдот айтып, иш-чаранын катышуучуларын күлдүрдү.

Садыр Жапаров анекдоттордун баары турмуштан алынганын, "кыргыздар жалкоо калкпыз" деп мисал келтирди.

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулуп жаткан жаңы өкмөт үйүн сентябрга чейин бүтүрүү планыбыз бар болчу. Октябрда саммит өтөт, ошону өкмөт үйүнндө өткөрөлү деп жатабыз. Учурда 500дөн ашуун кыргыз жигиттери иштеп жатат. Эми аман эле бололу, 8 саат иштеш керек болсо 5 эле саат иштейт. 5 күн иштеш керек болсо, ишемби, жекшемби күндөрү эс алып, дүйшөмбү деле жумушка чыкпай коёт. Чет өлкөлүктөр 1 күндө бүтүрчү ишти биздикилер 1 жумада да бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, Дубайдан келген 800гө жакын курулушчуга бул жакка жардам берип, андан кийин Асман шаарын курууга баргыла деп алып калдык", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13466