Президент Транспорт министрлигине 265 техника тапшырып, жолду сапаттуу курууну тапшырды
RU

Президент Транспорт министрлигине 265 техника тапшырып, жолду сапаттуу курууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды. Иш-чара бүгүн, 17-июлда болгонун президенттин администрациясы кабарлайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техника кирет.

Мамлекет башчы өз сөзүндө жаңы техниканын жардамы менен министрликтин материалдык-техникалык базасы күчөтүлөрүн белгиледи.

"Жолдорду оңдоо үчүн тиешелүү министрликти жаңы техника менен камсыз кылуу - жасалып жаткан аракеттин, үзүрлүү эмгектин натыйжасы, ал өлкөбүздө сапаттуу, заман талабына жооп берген жолдорду курууга багытталат. Бүгүнкү күндө бир катар тармактардагы жылыштарга жана реформаларга жалпы элибиз күбө. Алдыбызга олуттуу максаттарды койгонбуз, ошолорду ишке ашыруу менен көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз", - деди Садыр Жапаров.

Президент жол тармагын өнүктүрүү, аны тейлөөчү материалдык-техникалык базаны жаңылоо, жакшыртуу максатында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине техника алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражаттар бөлүнүп жатканын айтты. Буга чейин жол техникасы көбүнесе насыяга же гранттык негизде алынса, өткөн жылдан баштап сатып алуу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан бул максаттар үчүн жалпысынан 5 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул каражатка 2026-жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатып алынат.

"Азыркы учурда Кыргызстанга 265 даана техника алып келинди. Анын баарын жол куруу иштери үчүн өткөрүп берип жатабыз. Мындай жаңы техникага ээ болуу менен жол инфратүзүмүн жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга мыкты мүмкүнчүлүктөр жаралат деп ишенимдүү айта алабыз", - деди.

Мамлекет башчы атайын техникага аяр мамиле жасап, көздүн карегиндей сактоо зарылдыгына токтолду, анткени ар бир чакырым жол ар бир кыргызстандык үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мамлекет тарабынан транспорт жана жол тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ушул жылы эле тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашык каражат каралды.

"Акыркы 3 жылда республика боюнча 1 000 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү. Ушундай темпти сактоо менен бирге өлкөбүздүн булуң-бурчундагы жолдорубузду жакшыртууга жетишебиз. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл! Алдыбызда масштабдуу, бийик жоопкерчиликти талап кылган ири долбоорлор турат. Мен сиздердей чыныгы кесипкөй адистер менен Кыргызстандын өнүгүшүн шарттай турган асыл максаттарыбызга жетебиз, деп бекем ишенем", - деп Тилек Текебаевге жол-курулуш техникасынын сертификатын тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13461