Министр тойдун убактысын кантип кыскартса болорун айтты (маек)
RU

Министр тойдун убактысын кантип кыскартса болорун айтты (маек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күмөндөр Абылов июль айынын башында тойдун убактысын кыскартуу тууралуу оюн ортого салган эле. Ал тойду өткөрүү тартибин шартка жараша өзгөртүү керектигин, депутаттар ушул маселе боюнча мыйзам чыгарса деген пикирин билдирген. Социалдык тармакта бул маселе кызуу талкууланып, көпчүлүгү туура пикир экенин айтышкан.

Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Kaktus.kg сайтына берген маегинде жеке оюн жана эмнеден баштоо керектигин билдирди.

- Тойдун убактысын кыскартуу тууралуу пикирди колдойсузбу?

- Бул маселе 2018-2019-жылдары президенттик деңгээлде көтөрүлгөн. Анда тойлорду өткөрүүнү бир тартипке алып келүү боюнча сунуштар болгон. Азыркы президент Садыр Жапаров тарабынан экономикага терс таасир тийгизген ысырапкорчулукка каршы тапшырмалар берилди.

Күмөндөр Абылов агабыз айткан пикир туура, кошулам. Ал киши жөнөкөй адам эмес, өтө таланттуу, тойлордо көп жүрөт, бирде конок болсо, бирде тамада болот. Тойго барганда эртерээк кетели дейбиз, бирок тойдун ээси таарынып калбасын деп аягына чейин - 7 сааттай отурабыз. Түндө тарап, эртеси ишке чыкканда кыйналабыз.

Тойдун убактысын 3 саат кылып, ошол убакытты туура бөлүштүрө билсек жакшы болмок.

Адамдын өмүрү убакыт менен ченелет. Эч нерсе ашыкча болбошу керек. Ашыкча нерсе ден соолукка да, экономикага да терс таасир этет. Мисалы биз бир күндүн 6-7 саатын тойго коротуп салабыз. Экинчиден, 3-4 күндүк тамак-ашты жейбиз. Ошондуктан убакытты кыскартып, ысырапкорчулук кылбашыбыз керек. Бизде тойдун негизги багыты атаандаштыкка өтүп кетти. Тигиден ашыра той өткөрөм деп кымбат тамактарды коюп, ашыкча мал союп, өзгөчө өткөрөбүз деп калдык. Кээ бирлеринин шарты бар, айрымдарында жок. Той өткөрүп, 10 жылдап ошол тойдун карызынан кутулам деп жүрүшөт. Эки жаш тойдон кийинки кыйынчылыктан улам ажырашып кеткен учурлар болот. Ошондуктан тойдун стандарттарын иштеп чыгышыбыз керек.

Тойдогу коноктоо дагы маданиятка кирет. Буга биз кичине болсо да өзүбүздүн салымыбызды коштук деп ойлойм. Тагыраагы, ырчылар тойго барган коноктордун алдында фонограммасыз ырдап, алган акчасын актасын деген жакшы иштер болуп жатат.

- Тойдун убактысын чектөө, эреже, тартип киргизүү ишке ашабы? Кандай жыйынтык болот?

- Атайын мыйзамдаштырып, мынча саат болсун деп бөгөт коюу менен эмес, адамдар өздөрү өзгөртүшү керек деп ойлойм. Аттуу-баштуу, колунда бар жарандарыбыз баштаса жакшы го. Интелекти жогору, аң-сезими күчтүү адамдар адамдын өмүрүн, убактысын баалайт. 3 сааттын ичине көп нерсе батырса болот. Адам матреиалдык эле эмес, руханий байлык менен да жашайт. Ошондуктан убакытты туура пайдаланса, тойго баруу маданий эс алуу болсо коноктор да чын дили менен барышмак.

Дагы бир жагы, той өткөрүп жаткан адам дагы зыянга учурап калат. Мындайча айтканда, кошумча тойду жаппай калып, карызга баткандар да көп болуп жатат. Жаш кезде менин да башымдан өткөн. Той берем деп абдан кыйналган күндөрүм болгон. Ал учурда кыйынчылк мезгил эле, 6 жылда чыккам. Ошондон кийин той дегенди жаман көрүп калгам. Азыр ар бир кыгызстандык той өткөргөн, кыйынчылыгын билет, айрымдары зыян табат. Пайдасы деле көп эмес.

- Той-аштарга чектөө киргизүү менен кайсы көйгөйлөр чечилет?

- Адамды акыркы сапарга узатууга маани бербей, батага келгендерге, аларды тосуп алууга, устукан тартууга маани берип, башка менен алек болуп, туура эмес жолго түшүп алгандайбыз. Бул жакта жарышуу болуп калгандай. Башына кыйынчылык түшүп, жакынын акыркы сапарга узатып жаткан киши зыйнатка эмес, куда-сөөктү тейлөө менен көбүрөөк түйшүк тартып калат.

Президенттин ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча койгон тапшырмасы туура. Эң башкысы биз идеологияны массалык маалымат каражаттары аркылуу, Күмөндөр Абылов агабыздай болуп эле талкууга салуу менен жайылта алабыз. Адамга тыюу салсаң тескерисинче күчөп кетиши мүмкүн, ошондуктан аң-сезимди өзгөртүшүбүз керек. Куудул агабыз той тууралуу пикирди ортого салганда мен дагы ойлондум: Эмне үчүн биз мурдагы стандарттардан баш тарта албай жатабыз? Мен деле кызымды турмушка узатып жатканда тойду кыскартып койсом болбойт беле деп ойлондум.

Демек, бирөөгө акыл айткандан мурда ар бирибиз өзүбүз баштасак бат жайылат деген ойдомун.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13489