Күмөндөр Абылов тойдун убактысын кыскартуу сунушун айтты
RU

Күмөндөр Абылов тойдун убактысын кыскартуу сунушун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күмөндөр Абылов тойдун убактысын кыскартуу тууралуу пикирин ортого салды. Ал бул маселени козгогонуна көп убакыт болгонун, Түгөлбай Казаков маданият министри болуп турган кезде ал кишиге оозеки да, кат түрүндө да кайрылып айтканын белгиледи.

"Тойду өткөрүү тартибин шартка жараша өзгөртпөсөк болчудай эмес! Мурда тойдун сезону күзүндө башталып, ишемби, жекшемби күндөрү өтсө, азыр жылдын бардык мезгилинде, каалаган күнү өтүп калды. Азыр саат 5ке чакырылган той 7де башталат, саат 1-2ге чейин барып бүтөт. Бири айткан тостту баары кайталап, анан мас болуп алып, ой-тоону ырдап киришет. Тамадалар жаттап алган акылдуу сөзүн тиешеси бар жерде да, жок жерде да айтып туруп алгандарычы! Түнкү саат 2ге чейин ызы-чууда жүрүп, таң атканча уктай албай, албарсты басып чыгат. Эртеси жумушка баргың келбей, барсаң да, иштегиң келбейт!

Мен бара-бара той өткөрүү шарттары оңолуп, нугуна түшөт дечү элем. Андай болчудай эмес. Депутаттарыбыз баары жоктун баарына эле мыйзам чыгарышат.

Тойго да "үч сааттан ашпасын" деген мыйзам чыгарып койсо дедим эле.

Тойго чакырылгандар фойедеги атайын "Белектерди кабыл алуу" деп уюштурулган жерге барышып, кошумчаларын, конверттерин берип каттатып, баннердин алдындагы камерага каалоо-тилектерин жаздырып, видеого түшүшүп, бокалдарын кагышып коюшса! Тамаданын кыска театралдаштырылган программасын көрүшсө, анан аксакалдын сөзүн угуп, той ачылса. Эч ким тост айтпай, эл бири-бири менен эркин учурашып, ырчылардын ырын угуп, бийлеп, ызы-чууну сүйбөгөндөр алдыңкы кабатка түшүп, суусундук ичип отура турушуп, анан эт жеп алышып, үч саатта тарап кетишсе, кандай гана сонун болор эле?! Саат 10до үйүнө барган киши, жакшы эс алып, эртеси жумушуна да жакшы барып, жакшы иштемек беле?

Куран окуткан жерде 1-1,5 сааттын ичинде биринчи, экинчиси, этинен өйдө тамактарын жеп-ичип, көптөн бери жолукпагандар менен учурашып, сүйлөшкөнгө жетишебиз го? Бул эми, менин гана оюм. Кандай өткөрүүнү менден кыйын билгендер толтура. Эң негизгиси, убактысы үч сааттан ашпаса Кандай дейсиздер?" - деп жазган куудул.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13199