Сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөт
RU

Сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети сентябрдан баштап мектеп директорлорунун айлыктарын жогорулатууну пландоодо. Буга каражат бар экенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинин биринчи жарым жылдык боюнча кеңейтилген коллегиясында айтты.

Акылбек Жапаров 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн белгилеп, эми министрлер кабинети мектеп жетекчилигинин айлыгын көтөрүүнү пландап жатат дейт.

"Мектеп жетекчилери сынактын негизинде дайындалып бүттү. Сентябрь айынан баштап мектеп жетекчилигини айлыктарын дагы көтөрөбүз. Буга 136 миллион сом таап койдук. Ошондой эле жогорку окуу жайдын мугалимдеринин айлык акысын көтөрүүнү пландап жатабыз. Бирок айлык акынын көтөрүлүшү билим берүүнүн сапатына кандай таасирин тийгизерин билүү абдан маанилүү. Билим берүү тармагына 2023-жылы эле 60,9 миллиард сом каралган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиардга көп", - деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, 2022-жылдын апрель айында мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн. Министрлер кабинети мектеп администрацияларынын айлыктары да көтөрүлөт деп убада кылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: URA.RU.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13502