"Көлдө эмес, үйүңөрдө эс алгыла!". Ташиев министрлерди көп иштөөгө чакырды
RU

"Көлдө эмес, үйүңөрдө эс алгыла!". Ташиев министрлерди көп иштөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин биринчи жарым жылдыгы боюнча жыйынында Камчыбек Ташиев министрлерге кайрылды.

УКМКнын төрагасы аткаминерлер, өзгөчө министрлер көп иштеши керектигин белгиледи.

"Биз көп иштешибиз керек. Министрмин деп креслодо отуруп алып, унаа менен ары-бери кайкаңдап, эл эс алып жатат, мен да эс алам деп көлгө барганды токтотушубуз керек.

Эс алуу деген бизде болбошу керек. Көлдө шорта кийип алып, күнгө какталып жаткан бир да министр болбошу керек. "Имейте ввиду", урматтуу министрлер! Бир дагы министрдин шорта кийип алып, көлдө жатканын көрбөйүн, бул боюнча чоң чара көрөм! Үйүңөрдө дем ала бергиле. Министр болуп келдиңерби, иштегиле! Бизде эмгек өргүү деген болбойт", - деди Ташиев.

Ал өзүн мисал кылып, таңкы 5тен бери жумушта жүргөнүн айтты.

"Жөн эле айтып койбостон, өзүбүз ошого татыктуу болушубуз керек. Бүгүн саат 5тен бери жумушта жүрөм. Министрлер жумуш саат 08:30 - 09:00дө башталат деп келесиңер. Андай болбошу керек. Баарыңар эртең менен саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Эл жумушка чыккан убакта чыгып алып, тыгын жаратпастан эртең менен саат 06:00-06:30да жумушта болушуңар зарыл. Бизди, силерди көрүп, кызматкерлериңер дагы жумушка эрте келет, иштегенге аракет кылышат", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13527