Акылбек Жапаров журналисттерден, блогерлерден жакшы маалыматтарды даярдоону суранды
RU

Акылбек Жапаров журналисттерден, блогерлерден жакшы маалыматтарды даярдоону суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-июлда Министрлер кабинетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүүдө. Анда Акылбек Жапаров блогерлер менен журналисттерди өлкөнүн жетишкендиктери боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоого чакырды.

Айтымында, Министрлер кабинетинин чечими эмгек рыногундагы өзгөрүүгө түрткү болду.

"Былтыр өкмөт үлгү болуп, айлыктарды көтөрдү. Быйыл буга 120 млн сомго жакын акча жумшадык. Быйыл бизнестегилер бизди кууп жетебиз деп айлык-маянаны жогорулата баштады. Демек, экономикадагы туура саясат, өкмөттүн туура кадамдары - бизнестин элди багуусуна, соода жүгүртүүсүн көтөрүүгө түрткү боло алат.

Журналисттерден суранат элек, мурдагы көрсөткүчтөр менен азыркы биздин эмгегибизди салыштырып, изилдеп, аналитикалык жакшы маалыматтарды ачыктасаңар жакшы болот эле. Эл эмгекти көрүшү керек. Күнүмдүк тиричиликтеги майда-барат иштер эч качан бүтпөйт. Мен блогерлерге, кесипкөй журналисттерге кайрылып, мамлекеттин ишине салым кошууга чакырам", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13530