Камыбек Ташиев министрлерге элдин турмушу канткенде "резко" оңолорун айтты
RU

Камыбек Ташиев министрлерге элдин турмушу канткенде "резко" оңолорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокаттын жолу 1-сентябрда бүтүшү керек. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтпөсө транспорт министри иштен кетүү боюнча арыз жазат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

"1 ай 12 күн убактыңыз калды. Эгер убагында бүтпөсө 1-сентябрда арыз жазасыз. Муну билесиз, экөөбүз сүйлөшкөнбүз", - деп кайрылды Ташиев министрге.

Коопсуздук комитеттин башчысы учурда социалдык маанидеги көптөгөн объекттер курулуп жатканын, баары жылдын аягына чейин бөлүнбөй, таланбай, тонолбой бүтсө элдин турмушу "резко" оңолот дейт.

"Социалдык объекттерге, капиталдык курулуштарга быйылкы жылдагыдай мынчалык көп акча эч качан жумшалган эмес. Курулуш агенттиктин башчысы ушул жерде отурасыз, күнү-түнү иштеңиз. Ар бир курулушту текшериңиз, туура эмес иштер жүргүзүлүп, кимдир-бирөө мамлекеттин акчасын жеп жатса маалымат бергиле. Биз өзүбүз да издеп жатабыз. Кээде сиздер дагы маалымат беришиңиздер керек. Азырынча бир дагы министрлик өзүңөрдүн ведомствоңор боюнча эч кандай маалымат берген жоксуңар. Бергиле маалымат, чөйрөңөрдү жакшыраак билесиңер", - деди.

Сөзүнүн аягында Камчыбек Ташиев "катуураак, туура эмес сөздөрдү айткан болсом кечиресиздер" деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13528