Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жоюларын айтты
RU

Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жоюларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөш мындан ары да күчөтүлөт. Мындай билдирүүсүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабитнетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынында айтты.

Айтымында, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат.

"Биздин Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, рэкеттер, бизнеске кол салуулар болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат. Менин азыркы айткандарымды жөнөкөй эл эле эмес, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү да угуп жатса керек. Дагы бир жолу эскертем! Урматтуу президентибиздин бүгүнкү күндө бизге койгон тапшырмасы боюнча өлкөдө кылмыштуу топ болбойт.

Уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилери, Кыргызстанды тынч жашай албайсыңарбы, өлкөдөн чыгып кеткиле! Эгерде чыкпагандар болсо жазаланат. Эркиндикте жүрбөйт, муну мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам", - дейт Ташиев.

Башкы беттеги сүрөт архив: УКМКнын маалымат кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13532