Чек ара чырында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө, жабыркандарга кошумча кепилдиктер берилет
RU

Чек ара чырында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө, жабыркандарга кошумча кепилдиктер берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мыйзамга 20-июлда кол коюлду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Максаты - 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу.

Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.

Белгилесек, 2021-жылдын апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул каралган. Анын өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13552