Кыргызстандын элчиси Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды
RU

Кыргызстандын элчиси Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 20-июлда Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Маалыматта Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүп, Россияга товарларды жеткирген деген билдирүү боюнча түшүндүрмө алуу үчүн элчинин чакырылганы айтылат.

Дипломат Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Россияга каршы эл аралык санкциялык саясатты сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек экендигине көңүл бурду.

Кыргызстандын аймагынан Россия Федерациясына аскердик техникаларды жабдууга мүмкүн болгон товарлардын реэкспорту - достукка жатпаган иш-аракет жана Россиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун колдоо катары баалана турганы баса белгиленди.

Эске салсак, буга чейин америкалык Washington Post басылмасы өз булактарына таянып, АКШ президентинин администрациясы Россияга санкцияланган товарларды берүүнү токтотуу үчүн Кыргызстанга кысым көрсөтүү үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатканын жазган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга мамлекеттик түзүмдөрдүн жана компаниялардын тиешеси жок экенин билдирди. Ошол эле маалда УКМК "бул ишке балким, алар жеткирип жаткан продукциянын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким боло аларын билбеген жеке компаниялар менен фирмалардын катышуусу мүмкүн" экенин моюнга алган.

Кийинчерээк АКШнын Каржы министрлиги Россияга товар жеткирүүдө Кыргызстандын 4 компаниясы санкцияга кабылганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13554