АКШнын Кыргызстанга карата мүмкүн болуучу санкциялары боюнча УКМК билдирүү жасады
RU

АКШнын Кыргызстанга карата мүмкүн болуучу санкциялары боюнча УКМК билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Кыргызстанга карата мүмкүн болгон экономикалык чараларды көрүшү тууралуу маалыматына байланыштуу УКМК коомчулукка билдирүү жасады.

Комитеттен Кыргызстан Россияга АКШнын санкцияларын айланып өтүүгө жардам бербейт деп ишендирди.

"АКШ жана батыш өлкөлөрү Россияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга Кыргызстандын, мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда УКМК "бул ишке балким, жеке компаниялар менен фирмалар ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктулардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкү" экенин моюнга алды.

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталды.

Кыргыз Республикасы жана анын мамлекеттик түзүмдөрү "тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо" деп белгилешти комиеттен.

Буга чейин АКШ президентинин администрациясы Россияга санкцияланган товарларды жектирүүнү токтотуу үчүн Кыргызстанга кысым көрсөтүү үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатат деген маалыматты Washington Post гезити АКШнын жогорку даражалуу чиновниктеринин арасындагы булактарына таянып жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13520