Ак-Ордодогу жол кырсыгы. Дагы бир жабырлануучу каза болду
RU

Ак-Ордодогу жол кырсыгы. Дагы бир жабырлануучу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордо-3 конушунда кырсыкка кабылган маршруттук таксинин дагы бир жүргүнчүсү ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Маалым болгондой, бейтап реанимацияда жаткан, ал түн ичинде көз жумду.

Ал эми Ак-Ордо-3 конушунун квартал башчысы Мирбек Осмонов жергиликтүү жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаганын айтат.

"Жалпы 205 миң сом чогулуп, ден соолугунан жабыркап жаткандарга бөлүндү. Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт. Элмирбек Иманалиев көчөсүндө аялдама жок, бизге кызыл китептен мурун аялдама керек болуп жатат", - деп жазды ал баракчасына.

Белгилесек, 19-июлда саат 07:50 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө жүргүнчү салып жаткан маршруттук таксини жүк ташыган унаа артынан сүзүп кеткен. Кырсыктан 1 адам каза болуп, дагы бир нече жүргүнчү ооруканага кайрылган.

Кийинчерээк автокырсык боюнча иш козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13590