"Дордой" базарында бомба бар деген билдирүү тастыкталган жок
RU

"Дордой" базарында бомба бар деген билдирүү тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарында бомба бар деген билдирүү жалган болуп чыкты.

Белгилесек, бүгүн, 29-июлда саат 10:12 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда "Дордой" жана "Алкан" базарларынын аймагына жардыруучу зат коюлганы айтылган.

Жерине Свердлов РИИБдин ыкчам тобу барып, аймакты курчоого алышып, соодагерлер менен кардарларды эвакуациялашкаг. Кинологдор бомбаны издеп, жыйынтыгында аныкташкан жок.

Эске салсак, буга чейин да "Алкан" базарында бомба бар деген кабар түшүп, текшерүүдө эч нерсе аныкталган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13713