Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашуу жөнүндө мыйзамга кол койду
RU

Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашат.

Мыйзам 29-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргызстан менен аталган фонддун ортосундагы "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу.

Кредиттик макулдашууда "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын катышуучуларына (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) Кыргызстанда турак жай куруу үчүн 100 млн доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган.

  • Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосун алуучу - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
  • аткаруучу агенттик - Экономика жана коммерция министрлиги
  • долбоорду ишке ашыруучу агенттик - "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому.

Ипотекалык компания тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Ошол эле учурда ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөөлөрдү жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды ипотекалык компания Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13716