Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева абактан бошотулду
RU

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева абактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековдун жубайы УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 29-июлдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.С.га карата мурда тандалган баш коргоо чарасы тергөөнүн жүрүшүндө, башкача айтканда, 24-сентябрга чейин үй камагына өзгөртүлдү. Сотко берилген материалдар боюнча тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулган.

Эске салсак, 25-майда УКМК кызматкерлери Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны камакка алышкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, ал Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ыйгарып алган деп шектелүүдө.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салкынай Алимбаева коррупциялык жол менен жеке ишкерлерге кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча тендерди утуп алууга жардам берген деп ырастоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13725