Мэрия "Шашлычная" кафесин бузууну токтотту. Сүрөт
RU

Мэрия "Шашлычная" кафесин бузууну токтотту. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы бүгүн, 31-июлда Жал кичи районундагы "Шашлычная №1" кафесин бузуу иштери болорун маалымдаган.

Демонтаждоо иштеринин көзөмөлдөө үчүн вице-мэр Нурдан Орунтаев жерине барып, муниципалитет былтыртан бери жер тилкесин шаарга кайтаруунун аракетин көрүп жатканын белгиледи.

"Кафенин ээлери өз ыктярлары менен бул жайды бузарын айтышты. Мындан улам биз бузуу иштерин токтоттук", - дейт Орунтаев.

Вице-мэр белгилегендей, кафе ээлери бузуу ишин токтотсо муниципалитеттин кызматкерлери барып демонтаждайт.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен "Шашлычная №1" кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13741