Азат Базаркулов келтирилген зыянды төлөп, СИЗОдон бошотулду
RU

Азат Базаркулов келтирилген зыянды төлөп, СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom`дун ("Альфа Телеком" ЖАК) экс-башкы директору Азат Базаркулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.media сайтына кабарлашты.

Маалым болгондой, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар П.М.А., Д.Б.Б. жана Б.А.Т. материалдык зыяндын ордун толтуруп, казынага 6 709 949 сом кайтарган.

"Биринчи Май райондук сотунун судьясы 31-июлда айыпталуучу Азат Базаркуловдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Ага ылайык, Базаркулов 9-сентябрга чейин үй камагында болот", - дешти соттон.

Эске салсак, Азат Базаркулов 245-берененин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Тергөөдө "Альфа Телекомдун" жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турганы аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13792