MegaCom`дун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов камакка алынды
RU

MegaCom`дун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom`дун ("Альфа Телеком" ЖАК) экс-башкы директору Азат Базаркулов СИЗОго киргизилди. Маалыматты Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

27-июнда Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, айыпталуучу Базаркулов 9-августка чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Эске салсак, Азат Базаркулов 245-берененин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөөдө "Альфа Телекомдун" жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турганы аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13137