10 жылга кесилген кыргызстандык жалданма жоокерге орус жарандыгын берүү каралууда
RU

10 жылга кесилген кыргызстандык жалданма жоокерге орус жарандыгын берүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын жалданма аскери катары Украинага каршы согушка катышкан кыргызстандык жаран 10 жылга кесилген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Аскар Кубанычбекке орус паспортун берүү маселесин карап жатат. Бул туурасында "РИА Новости" Россиянын тышкы саясий ведомствосунун расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин жазып чыкты.

"Ооба, мындай кайрылуу алганбыз деп айта алам, маселе каралып жатат", - деген Захарова брифингде.

Белгилесек, Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталган кыргызстандык жаранды Бишкектин Биринчи Май райондук соту май айында 10 жылга эркинен ажыраткан.

31 жаштагы кыргызстандык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Жалданмачылык" беренесинде каралган "Материалдык сыйлык алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу кагылыштарына тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок катышуу" боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ал эми июль айынын аягында Аскар Кубанычбек россиялык RT телеканалына маек куруп, орус жарандыгын алгысы келерин, аны бошотуусун каалап жатканын айткан.

Башкы беттеги сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13793