Сот 10 жыл бою дарыланган айыпталуучуну психиатриялык ооруканадан чыгаруудан баш тартты
RU

Сот 10 жыл бою дарыланган айыпталуучуну психиатриялык ооруканадан чыгаруудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 10 жылдан ашык убакыттан бери психиатриялык ооруканада жаткан айыпталуучунун абалы жакышрганына карабай облустук сот аны мажбурлап дарылоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Оорукана жетекчилигинин айыпталуучуну бошотуу сунушун сот четке каккан дейт "Адилет" укук коргоо уюмунан.

Мындан улам аталган уюмдун жактоочусу БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга ниеттенүүдө.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Рахманжан айылынын тургуну Нурмамат Мейманов 11 жыл мурда каргашалуу окуяга туш болгон.

Ал айылда мурап болгон. 2012-жылдын 27-июнунда мас абалындагы айылдашынын башына күрөк менен бир нече жолу урган. Кылмышка киши колдуу болгон адамдын Нурмаматтын кыздары менен жыныстык катнашта болгон деген ушак-айыңдар себеп болгон. Ал учурда Меймановдун улуу кызы 8-класста, кичүүсү 6-класста окучу.

Тергөө жана психиатриялык экспертизадан кийин Меймановдун психикалык ооруга чалдыкканы аныкталып, бул кылмыш ишин токтотууга негиз болгон (Ноокен райондук сотунун 2013-жылдын 3-майындагы токтому менен). Ал Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн.

2023-жылдын 19-майында республикалык психиатриялык оорукананын администрациясы Меймановдо айыгуунун байкаларлык белгилери бар экенин, абалы бир топ жакшырганын айтып, сотко кайрылган. Оорукананын жетекчилиги анын агрессивдүү жана антисоциалдык тенденциялары жок экенин жүйө келтирип, психиатриялык стационарда дарыланууну жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого (милдеттүү клиникалык кароо) өзгөртүүнү сунуштап, анын абалына оң баа берген.

Мындай сунуштар психиатриялык оорукана тарабынан бир нече жолу берилген, бирок алар канааттандырылган эмес.

Райондун прокурору М.Курманбаев Меймановдун жасаган кылмышынын оордугун эске алып, анын психиатриялык ооруканада калышын талап кылат. Ошол эле учурда Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюмунун юристи Элдор Бакиров оорукананын пикирин колдоп, мыйзам боюнча, мындай учурда кылмыштын оордугу эмес, ден соолугунун абалы жана дарыгерлердин пикири эске алынат деп түшүндүрдү.

2023-жылдын 16-июнунда Ноокен райондук соту Меймановду Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого калтыруу чечимин чыгарат. Адвокат Элдор Бакиров райондук соттун чечимин өзгөртүү үмүтү менен Жалал-Абад облустук сотуна аппеляциялык арыз жазган.

18-июлда Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери жана жоруктары боюнча соттук коллегиясы Меймановду Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошентип сот айыпталуучуну жашаган жери боюнча мажбурлап амбулатордук дарылоого (милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү) которуу жөнүндө республикалык психиатриялык оорукананын администрациясынын арызын канааттандырган жок. Мындан тышкары адвокатка сот отуруму тууралуу маалымат берилбей, процесс юристтин катышуусуз өттү.

"Мыйзам боюнча сот отурумунда медициналык мекеменин сунушу, психиатрлардын корутундусу каралып, катышуучулардын пикири угулат. Психиатрлар комиссиясынын корутундусу күмөн жараткан учурда судья соттук-психиатриялык экспертиза дайындай алат, кошумча документтерди талап кылат, ошондой эле өзүнө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамды суракка алат, бирок мунун баары болгон жок", - деп нааразы болду адвокат.

Бирок бул иш муну менен токтоп калбайт. Себеби адвокат БУУнун адам укуктары боюнча комитетине арыз даярдап жатат. БУУнун комитетинин чечими айыпталуучунун коомго кайтып келүүсүнө, ошондой эле мындай кырдаалдарда адам укуктарынын колдонулушуна таасир этиши мүмкүн деген үмүттө юрист.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: УНИАН.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13804