Балатыны өрттөгөнү үчүн келинди психиатриялык ооруканага жаткырган тергөөчүнү сот актады
RU

Балатыны өрттөгөнү үчүн келинди психиатриялык ооруканага жаткырган тергөөчүнү сот актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майлуу-Суу шаардык сотунун чечими менен 16-июнда Майлуу-Суу ШИИБдин улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Д.С. акталды. Ал аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштырган деп айыпталган.

"Адилет" укук коргоо уюмунан билдиришкендей, жабырлануучу М.С`нын кызыкчылыгын аталган уюмдун жактоочусу Равшан Абдуллаев коргоодо.

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөөчүгө карата 171 жана 338-беренелер ("Психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштыруу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок шаардык сот коюлган айыптар боюнча кылмыштын курамы жок экенин айтып, эки берене менен тең актады.

"Ал эми келин тергөөчүнүн мыйзамсыз чечими менен 26 күн психиатриялык ооруканада жаткан", - деп нааразы болду Равшан Абдуллаев.

*****

34 жаштагы М.С. Майлуу-Суудагы лампа заводунун жаңы жылдык балатысын өрттөөгө аракет кылган учурда кармалган. Келин дароо эле шаардын башкы балатысын өрттөгөнүн моюндаган. "Менин диним калп айтууга жол бербейт, ошондуктан мен кылганымды дароо моюнга алам", - деген ал.

Келин Майлуу-Суу ШИИБдин ага тергөөчүсүнүн чечими менен камакка алынган. Укук коргоочулар буга нааразы болушуп, муну ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан одоно мыйзам бузуу катары көрсөтүшкөн. Анткени, мыйзам боюнча мындай чечимди тергөө судьясы гана чыгара алат.

Ошондой эле психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү үчүн мажбурлап ооруканага жаткыруу жана саламаттыкты сактоо органдары тарабынан медициналык же психиатриялык стационарда кармоо - камакка алууга тете экенин укук коргоочулар эске салышты (КЖКнын 186-беренесинин 3-бөлүгү). Кийинчерээк экспертиза аялдын психикалык жактан эч кандай бузулуулары жок экенин аныктаган.

Майлуу-Суу прокуратурасы шаардык ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсүнө эле эмес, ооруканага аялды мыйзамсыз жайгаштырган Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын жетекчилигине да кылмыш ишин козгогон. Келин төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан (экөө өзүнүкү, экөө Россиядагы эжесинин балдары).

Бирок Майлуу-Суу шаардык соту тергөөчүнү актады. Мындан улам келиндин кызыкчылыгын коргогон юристтер Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз даярдашууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: idei.club.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13107