Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында оюндун эрежелерине өзгөртүү кирет
RU

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында оюндун эрежелерине өзгөртүү кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионаты 13-августта старт алат. Анда оюндун эрежелерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет. Бул туурасында турнирдин башкы калысы Рамис Жайлымышев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, чемпионатта эрежелер төмөнкүдөй болот:

  • оюндарды мурдагыдай үчөө эмес, беш калыс тейлет;
  • 1 бөлүк 15 мүнөткө созулат, мурда беттештер 20 мүнөттөн 3 бөлүк менен өтүп келген;
  • тайказанга салым болгондон кийин оюнчу оюн талаасынан чыгып кеткенге чейин аттын үстүндө болуусу шарт, буга чейин бул так жазылган эмес.

Жайлымышев кошумчалагандай, учурда тайказан дагы жаңы форматта жасалууда жана ал оюнчулар үчүн максималдуу коопсуз болмокчу.

Белгилесек, оюндар 20-августка чейин уланат. Ага 8 өлкөдөн келген 12 команда катышат.

Башкы беттеги сүрөт архив.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13806