Нефтетрейдерлер Ташиевдин сунушунан кийин күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү макулдашты
RU

Нефтетрейдерлер Ташиевдин сунушунан кийин күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 5-августта Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.К.Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.

Анда коопсуздук комитеттин башчысы бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизель майы сатылып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып, бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди.

Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13822