Садыр Жапаров Жыргалаң кенинин айланасындагы кептерге жооп берди
RU

Садыр Жапаров Жыргалаң кенинин айланасындагы кептерге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Министрлер кабинети Жыргалаң кенинин иши кайра жанданганын маалымдаган. Эртеси Эмилбек Каптагаев Министрлер кабинети жалган маалымат таратты деген эле.

Мунун айланасындагы кептерге президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине жооп берди.

"Бул шахта союз чачырагандан кийин багы ачылбай калган. 2009-жылы мамлекет бул шахтаны жеке менчикке сатабыз деп аукционго коёт. Үч компания катышып, арасында чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Жыйынтыгында бир компания утуп алат, ал компания менин бир тууган агам Сабыр Жапаровдуку эле. Утуп алгандан кийин өткөрүп алайын деп барса, өкмөт алдап саткан экен. Аукционго коюп жатканда, 25 миллион сом карызы бар деп айтылат.

Чындыгында 80 миллион сомго жакын карызы бар экен. Биринчи капиталын төлөп койгондон кийин артка жол жок болуп калгандыктан, айласы жок дагы эки жыл дегенде араң карыздарын жаап бүтөт. 2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин ошол мезгилдеги бийлик криминалдарды жиберип, 2014-жылы шахтаны криминалдар тартып алышат. Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй, шахта токтойт, ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат.

Мен бийлике келгенде, бир тууган агам: "Шахтамды кайра алам" деп чыкты. Мен көнбөй койдум: "Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок" деп койдум.

Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, "мен алып иштетейин" деп сурады. "Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда" дедим. Ошентип азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Россияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди.

Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет.

Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем", - деди өлкө башчы.

"Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес. Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам.

Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин: Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи", - деп жыйынтыктады сөзүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13829