Президенттик хансарайдын курулушу жүрүп жатканда бир жумушчу кулап түштү
RU

Президенттик хансарайдын курулушу жүрүп жатканда бир жумушчу кулап түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу жүрүп жаткан учурда бир жумушчу жогорку кабаттардан кулап кетти. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов тастыктады.

Маалым болгондой, жабырлануучу Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасына жаткырылды. Ал баш мээсинен жаракат алган.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы да маалыматты тастыктады. Окуя саат 15:00 чамасында Айтматов көчөсүндөгү имараттын курулушу жүрүп жаткан учурда жумушчу кулап, шаардык клиникалык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу чакыруу түшкөн.

Жабырлануучу Өзбекстандын жараны 1993-жылы туулган А.А. экени такталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул факты Ленин РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13848