Президенттик хан сарай саммитке чейин курулуп бүтөбү? Сүрөт, видео
RU

Президенттик хан сарай саммитке чейин курулуп бүтөбү? Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президеттин администрациясы үчүн жаңы имараттын курулушу башталганына 1 жылдан ашты. Учурда курулуш иштери күчөтүлгөн режимде аткарылып, ага Индиядан келген жумушчулар тартылды.

Садыр Жапаров Транспорт министрлигине жаңы техникаларды тапшырып жатып, президенттик администрациянын имаратын куруу иштери кыргыз жумушчуларынын жалкоолугунан улам кечеңдеп жатканын, мындан улам чет өлкөдөн келген жумушчуларды тартууга туура келгенин айтты.

Курулуш объектисин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөйт.

Эске салсак, "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна жаңы административдик имарат курулууда. Ага президент старт берген: 2022-жылдын 15-апрелинде 21 миң чарчы метр аянтка объект курууга капсула салган. Объекттин баасы 35 млн долларды түзөт.

Буга чейин курулуш качан аяктарын президенттин администрациясы жашырып келген. Бирок өлкө башчы хан сарай күзүндө бүтөрүн, тагыраагы, 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммитине карата бүткөрүлөрүн айтты.

Азыркы тапта 800 чет элдик курулушчу иштеп жатат.

Имаратты куруу иши май айында:

Ал эми азыр төмөндөгүдөй:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13492