Москвада кыргызстандык аял уулун сабаган. Баланы социалдык мекемеге алып кетишти
RU

Москвада кыргызстандык аял уулун сабаган. Баланы социалдык мекемеге алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында кыргызстандык аял жашы жете элек баласына зордук-зомбулук көрсөттү деген видео интернетке тараган. Бул фактыны Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алганын кабарлап, маалымат берди.

"Россиянын компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете электердин адистештирилген мекемесине жайгаштырылды. Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча камакка алуу тууралуу протокол түзүлдү.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте баланын мындан аркы жашоосу, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланышуу боюнча иш алып барууда", - дешет тышкы саясий ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13849