№199 маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдү коркуткан балдар кармалды
RU

№199 маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдү коркуткан балдар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №199 маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Коомдук транспорттун ичинде белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркуткан факты боюнча текшерүү башталып, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бейбаштык кылгандар аныкталды. Кармалгандар тергөө кызматына өткөрүлдү.

Алар мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган К.Ж. жана 2005-жылы туулган А.Р. экени такталды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Белгилесек, социалдык тармактын колдонуучулары коомдук транспортто телефон уурдоого шектүүлөрдүн бири тутулуп калган видео менен бөлүшкөн. Анда жүргүнчүлөр чөнтөкчүнү кармап, милицияга өткөрүп беребиз дегенде шериги жардамга келген. Алардын бири колундагы отверткасы менен тап берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13872