Ырчы Толгонай Арзыкеева турмушка чыгат
RU

Ырчы Толгонай Арзыкеева турмушка чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Толгонай Арзыкеева жигити баш кошуу сунушун жасаганын айтты. Бул туурасында ал Telegram каналына жазды.

"Менин колумду 8-июлда сурады. Айтпай жүргөндүгүм үчүн кечирим сураймын. Эми чогуу даярданабыз, кыз узатууга болгону эки жума калды", - деп жазды ырчы.

Белгилесек, ырчы буга чейин сүйүктүүсү чыгармачылыктан алыс, бирок бул тармакты түшүнөрүн айткан. Ал эми той балким быйыл, балким кийинки жылы болуп калышы мүмкүн деген эле.

Толгонай Арзыкеева ырчы эле эмес актриса катары да белгилүү. Ал "Кошунаны тандабайт", "Браво" сыяктуу кинолордо роль жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13882