Коомдук транспортто жигитке бычак менен жаракат келтиргендер кармалды
RU

Коомдук транспортто жигитке бычак менен жаракат келтиргендер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эки адам коомдук транспортто жүргүнчүнүн телефонун уурдоого аракет кылышты. Алар бул кылмышты көргөн жигитке бычак сайганын Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Айтымдарында, окуя бүгүн, 10-августта саат 08:30 чамасында Абдрахманов/Киев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда №172 маршруттук таксиде бара жаткан эки адам телефон уурдоого аракет кылган. Муну байкап калган жигит аларды токтоткон. Бул учурда чөнтөкчүлөрдүн бири бычак алып чыгып жигиттин тизесине, колдоруна бычак шилтеп, качып кетишти.

Жабыркаган жигит ооруканага телефонун уурдатып ала жаздаган кыз менен барарын айтып, "Тез жардам" кызматын чакыртуудан баш тартты.

Кийин Свердлов РИИБи шектүүлөр кармалганын маалымдады. Такталгандай, бул факты боюнча 206-берене ("Карактоо") менен иш козголуп, 2006-жылы туулган М.Д. жана 2005-жылы туулган О.И. кармалды.

Белгилесек, 8-августта №199 маршруттук таксиде телефон уурдаган эки жигит кармалып, алар качуу максатында коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнө отвертка менен тап берген. Эртеси күнү алар колго түшүрүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: infovoronezh.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13884