"Төө-Ашууда" унаанын эшиги ачылып, айдоочу кулап кеткен. Ал каза болду
RU

"Төө-Ашууда" унаанын эшиги ачылып, айдоочу кулап кеткен. Ал каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Төө-Ашуу" ашуусунда айдоочу жүк ташуучу унаадан кулап түшүп, башка унаанын алдында калды. Чүй ОИИББден Kaktus.media сайтына билдиришкендей, ал кырсык болгон жерде жан берди.

Маалым болгондой, кырсык 9-августта болжол менен саат 08:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымында катталган. Анда 1999-жылы туулган Ж.Б. жүк ташуучу унаа менен "Төө-Ашуудан" түшүп келе жатканда унаанын эшиги ачылып, айдоочу кулап түшкөн. Ал каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаанын алдында калган. Алган жаракатынан улам айдоочу жеринде каза болгон.

Бул факты Жайыл РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөго чейинки текшерүү башталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: triptokyrgyzstan.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13903