Жалал-Абадда сабалып, тонолгон келин окуя тууралуу айтты
RU

Жалал-Абадда сабалып, тонолгон келин окуя тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди таанышы сабап, тоноп кеткенин облустук ички иштер башкармалыгы маалымдаган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага түшүп, бүгүнкү күндө дарылануусун улантууда.

Жабырлануучу окуя тууралуу Жалал-Абад ТВ каналына айтып берген. Ал белгилегендей, кол салган кишини сыртынан эле таанычу.

"Кечинде дүкөнгө барайын деп сыртка чыккам. Сырттан тааныш болгон адам мен жакка келиптир. Ал мага учурашып, ал-акыбалымды сурап, бирөөгө чалып алайынчы деп телефонумду берип туруумду суранды. МБанк мобилдик тиркеме бар болчу телефондо. "МБанкың бар турбайбы, паролун ачып бербейсиңби" деди. Мен макул болгон жокмун.

Муштум менен курсагыма урду, өзөрүп калдым. Көрсө боорум жарылып, ичиме кан толуп калган экен. Акчамды болсо башка бирөөнүн эсебине которуп, анын картасы аркылуу чыгарып алыптыр", - деген жабырлануучу.

Белгилесек, милициянын маалыматында жабырлануучунун электрондук картасынан 52900 сом акча каражаты алынганы айтылган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБи 206-берене ("Тоноо") менен иш козгогон. Жабырлануучу тарап шектүүнүн дале кармала электигине, ден соолукка келтирилген залал эске алынбай жатат деп нааразы болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13905