Түптө селден жабыркаган тургундарга Баткен облусу жардам көрсөтөт
RU

Түптө селден жабыркаган тургундарга Баткен облусу жардам көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы мамлекеттик кызматкерлер Түп районунда селден зыян тарткандарга бир күндүк маянасын которот. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, облустун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мэрияларынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон селден жабыркаган элге бир күндүк маянасын которуу боюнча чечимди профсоюздук отурумдардын жыйынтыгы менен кабыл алышты.

Белгилей кетсек, август айынын башында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, аталган айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.

Кийин зыян тарткандарга жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13916