Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү селден жабыркагандарга бир күндүк маянасын которот
RU

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү селден жабыркагандарга бир күндүк маянасын которот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын Түп районундагы селден зыян тарткандарга которот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

"Мыдай чечим, бүгүн 10-августта, профсоюздун отурумунда кабыл алынды", - дешет өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, август айынын башында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, аталган айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.

Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюлуп, толугу менен тазаланды. Бөлүнгөн инженердик техникалар арыктарды, каналдарды кум, шагылдарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Электрондук которуулар үчүн:

БИК - 440405 счет – 4404051102000719

Накталай банктар аркылуу которуулар үчүн:

БИК – 440001 счет – 4404051102000719 төлөө коду 14411100

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13885